Бөлүмдөр
Жума, 21-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 21.05.2019 14:33 На русском

Ак-Талаада 400 баатыр энеге жоолук жана куттуктоо каты тапшырылды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 400 баатыр энеге жоолук жана куттуктоо каты тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, борбордогу демөөрчүлөр Ак-Талаадагы 400 баатыр энеге жоолук жана куттуктоо баракчасын жөнөткөн. Кечээ, 20-майда акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, райадминистрациянын башкы адиси Зейнеп Жаналиева баатыр энелердин үйлөрүн кыдырып, белек жана куттуктоо баракчаларын колдоруна тапшырышты.

«Айылдардагы баатыр энелердин белектери айыл өкмөт башчылары тарабынан тапшырылат», - деди Кенжегүл Карагулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×