Бөлүмдөр
Шейшемби, 25-июнь
Нарын облусуАк-Талаа району 20.05.2019 17:05

Ак-Талаада спортчу Б.Дөөлөтовдун жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча турнир жыйынтыкталды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылында спортчу Бердигул Дөөлөтовдун жаркын элесине арналган эркин күрөш боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу активист Бекжан Сагынбеков аймактык кабарчыга билдирди.

Аталган мелдешти спортчу Алмаз Кайыпов облустук деңгээлде уюштуруп, 100дөн ашык балбандар катышты.

«Мелдеште Ак-Талаа районунун жалпы 13 айыл өкмөтүнөн жана Нарын шаарынан келген 7 жаштан 18 жашка чейинки балбандар 25 килограмм салмактан 80 килограмм салмакка чейинкилер болуп күч сынашты», - деди ал.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар ыйгарылса, балбандардын машыктыруучуларына ыраазычылык каттар тапшырылды. Мелдешке Б.Дөөлөтовдун үй-бүлөсү, бир туугандары күбө болушту.

Бердигул Дөөлөтов эркин күрөш боюнча бир нече ийгиликтерди жараткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×