Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуАт-Башы району 20.05.2019 09:08 Жаңыланды: 23.06.2019 11:30 На русском

Айыл турмушу: Ат-башылык К.Досумбаева бала бакчада тарбиялаган балдардын алды чоң ата болуп калды (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылынын 59 жаштагы тургуну Калбүбү Досумбаева жаш кезинде 17 жыл бала бакчада тарбиячынын жардамчысы болуп эмгектенген. Аймактык кабарчы тарбиячы айымдан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, ушул эле айылда чоңоюп өскөн. Бойго жеткенде өз айылына келин болуп калган.

«Бала бакчадагы балдарымды көргөндө аябай сүйүнөм. Алды неберелүү болуп калыптыр. Бала бакчадан тентек кылганын элестетем. Алдымдан чыкканда учурашып, алыстан салам айттырышат. Кичинекей кезинде көргөн балдар кийин ата, чоң ата болгонун көрүп, убакыттын тез өткөнүнө таң калам. Мен өзүм карып кеттимби деп ойлойм.

Мен иштеген кезде бардыгы татаал болчу. Кол менен жасалган жумуш эле. Азыр бала бакчада бардыгы жетиштүү болуп калды. Иштегендерге дагы жеңил. Илгерки балдар ушунчалык баёо эле. Азыркы балдардын айлана-чөйрөнү таанымы күчтүү. Мурдагылар менен салыштырып болбойт, айырмасы асман менен жердей», - деди ал.

Калбүбү айым 1 кыз, 3 уул, 13 неберенин апасы.

«Кызым Большевик айылында фельдшер. Балдарымдын баары акыл-эстүү, төртөөнү тең тууруна кондурдук. Кичүү уулум түндүгүбүздү ээлеп, айылда бизди багып жатат. Улуу неберем 9-класста окуйт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×