Бөлүмдөр
Жума, 19-июль
Нарын облусуНарын району 18.05.2019 15:04 На русском

Нарын районунда 6 жаштагы кыз Он-Арча суусуна түшүп кетти

Turmush -  Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна 6 жаштагы кыз түшүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 17-майда куткаруучуларга аталган сууга 2013-жылы туулган С.Н. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Издөө иштерине 4 куткаруучу тартылган. Бүгүн, 18-май күнү издөө иштерин улантуу максатында 16 куткаруучу, милиция кызматкерлери, кошумча жергиликтүү тургундар тартылган.

«Мындан тышкары министрликтен кошумча суучулдар тартылат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×