Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Нарын облусуЖумгал району 17.05.2019 10:00 На русском

Жумгалдык миллионер — фермер А.Кучуев кайсы депутаттан тукум алган?

Turmush -  Кыргызстандын алыскы аймактарында миллиондорду таап, байыган тургундар бар. Алардын катарын Жумгал районунун тургуну Алмазбек Кучуев да толуктайт. Ал учурда «Алмаз-Дыйкан» чарбасын жетектеп, колундагы жумушчулары менен тең талаша иштеп, жылына болжол менен 2 млн сомго чукул каражат табат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Алмазбек Кучуев 1972-жылы Нарын облусунун Жумгал районунун Баш-Кууганды айылында туулган. Чоң атасы Кучкач Атабаев жылкычы болгон. Ал эми өз атасы Тынымбек Кучуев 1942-жылы туулган. Ал инсан да мал багып, мал чарбасын түптөөгө зор салым кошкон.

Алмазбек Кучуев учурда айылдын Жол-Кара-Жаш тоосунда мал багып, атасынан калган мал чарбасын жетектеп келет. Анын «Алмаз-Дыйкан» чарбасында эт, жүн багытындагы уяң жүндүү койлор бар.

«Бул чарба союз мезгилинен бери эле келе жатат. Бирок ортодон 10-15 жыл кочкор табылбай, 2014-жылы Чоң-Кемин районунан Бегалы деген фермерден кочкор алып, кайрадан түптөгөнбүз. Экинчи ирет Чаткал районунан алдык, андан соң бир заводдон 2-3 жолу, акыркы ирет Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдон алганбыз.

Чарбанын аталышын кайра каттоодон өтүп, номур алмайынча жараксыз кылып коюшкан. Учурда аты жок эле чарба. Чарбабыздагы койдун жалпы саны — тубар кой 250 баш, субай кой 400-450 баш. Башка мал-жандыктарды, жылкыларды кошкондо 1 миңге чукул мал бар. Менчик 3 га, ижарага алган 9 га жерибиз бар. Малга тоютту жер иштетип даярдайбыз», - деди А.Кучуев.

Андан тышкары мал чарбасында айыл чарбасына керектүү техникалар бар: подворщик, сеялка-косилка, гравил, трактор жана башкалар. Алардын болжолдуу баасы 7-8 миң доллар.

«Бир баш койду 5-6 миң сомдон сатабыз. Мал арзандап калган убакта баа ар кандай болуп калат. Чыгымы көп эле болот. Жылына 1 млн сомдун тегерегинде чыгым кетет. Бир жылда малдын жүнү менен чогуу 2 млн сомго чукул каражат табабыз. Мунун ичинде чыгымдар бар. Ошондо жылына болжол менен 1-1,2 млн сом киреше түшөт.

Мендей жүн чыгарган чарбаны көрө элекмин. Жумгалда жүн чыгаруу жагынан алдыда турам. Уяң жүндүү койдун этинде май азыраак болот. Ургаачыларын тукумга алып жатышат. Эркегин эт үчүн алып кетишет.

Мамлекеттен жардам жок. Биз тоют камдоодо кыйналабыз. Айдоо жерлерге суу баруучу каналдарды, суу сактагычтарды тазалап иреттеп, жайыт жерлерибизди тактап, жайытка баруучу жолдорду жасап беришсе жакшы болмок. Учурда жайыттар тар, кыштоолор берилбейт. Ээн жаткан кыштоолорду сурасаң беришпейт. Алыскы жайыттарга атчан жана жөө көчөбүз. Жайыттарды бөлүштүрүү, маалымат берүү иши жасалбайт. Жер жана жайыт адистеринин кеңештерине зарбыз», - деп кошумчалады ал.

Алмазбек Кучуев үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×