Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуЖумгал району 14.05.2019 22:00

«Бир адамдан бир китеп»: Кызыл-Жылдыздагы жаштар айыл элинен китеп чогултуп жатышат

Turmush -  Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында тургундардын руханий жактан өсүшүнө өбөлгө болгон «Бир адамдан бир китеп» долбоорун окуучулар улантып жатышат.

Уюштуруучулардын бири Султанбек Куштарбек уулунун айтымында, руханий жактан өсүүдө, дүйнө таанымды кеңейтүүдө, сөз байлыкты өнүктүрүүдө, көз карашты калыптандырууда китептин ролу чоң деген мектеп окуучулары айылды кыдырып, ар бир үйдөн китеп алып, китепканага чогултушууда. Ошондой эле айыл жаштары демөөрчүлөрдүн колдоосу менен пайдалуу китептерди айылдын китепканасына алып келүүгө аракет кылып жатышат.

Мектеп окуучусу Куштарбек кызы Бактыгүл айрымдар окулган китептерин белекке беришсе, кээ бирөөлөр китеп сатып алууга каражат берип жаткандыгын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×