Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуАт-Башы району 14.05.2019 18:15

Сыртынан сыр бербеген Ат-Башыдагы тез жардам бөлүмүнүн ички көрүнүшү. Сүрөт

Turmush -  Ат-Башы райондук тез жардам бөлүмүнүн имаратынын ичи боор оорутарлык абалда.

Аймактык кабарчы билдиргендей, тез жардам бөлүмүнүн ичинде эски, жыртылган жер төшөктөр, темирлери чыгып калган керебет турат. Жыртылып, бирок ошого карабастан сырдалып сыр бербей турган меш дагы бар. Мындан тышкары эскилиги жеткен отургуч, чайнек бар жана чирип калган парда терезеде эптеп илинип турат.

----------------------------------------------------------------------------

Ат-Башы районунун тез жардам бөлүмүнүн унаалары эскирип, жыл сайын оңдоого муктаж. Бул тууралуу Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Токторбай Кадыракунов билдирди.

Анын айтымында, райондо жалпы 4 тез жардам унаасы бар. Алар 1990-жылы сатылып алынган.

«Тез жардам унааларынын бардыгы эскирди. Кудай буюрса быйыл сметага киргизип жатабыз. Бизде жалпы 4 тез жардам унаасы бар. Былтыр тетиктер үчүн болгону 50 миң сом бөлүнгөн. Унаалар жалпы 1 миллион сомго 5 жылда бир оңдолот. Бул маселе боюнча көп жерлерге кайрылдым. Бюджетте акча жоктугунан маселе чечилбей жатканын айтышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×