Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуАт-Башы району 14.05.2019 17:01 На русском

«Пенсияга арак ичишет»: Ат-Башыда имамды кейиткен суроого милиционерлер эмне деп жооп беришти?

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылындагы дүкөндөрдө спирт ичимдиктери сатылып жатканына айыл имамы Кенжебек Кожомгелдиев караманча каршы экенин Нарын ОИИБдин башчысы Улан Аалиевге билдирди.

20190513_152207

13-май күнү Нарын ОИИБдин жетекчиси Улан Аалиев, Ат-Башы РИИБдин кызматкерлери, кичи коомдук кеңештин төрагасы Кубан Айдаралиев жана мүчөсү Медербек Жунусалиев болуп Ат-Башыдагы айылдарды кыдырып, элдин үнүн угуп, кайрылууларды кабыл алышты.

«Арак ичкендер пенсия алганда берем деп, дүкөндөрдөн спирт ичимдиктерин ала беришет. Айыл өкмөт, Ат-Башы РИИБ менен биргеликте арак саткан дүкөндөрдү тыйсак жакшы болот эле. Арак шариятта жаман иштин тамыры деп айтылат. Эң чоң маселе ушул. Арактын айынан канчалаган балдар жетим калып, ажырашуулар болуп жатат. Сиздер ушул маселеге салым кошуп берсеңиздер. Мында 5 адамдын кызыкчылыгына карасак, ары жакта 50 адамдын тагдыры талкаланып жатат. Айылда 10 дүкөн бар болсо анын бешөө арак сатпайт», - деди ал.

Нарын ОИИБдин жетекчиси Улан Аалиев жеке ишкерлерге тоскоолдук жаратуу мүмкүн эместигин жана аларга арыз түшсө гана тиешелүү иш-чара жүрөрүн билдирди.

«Негизинен бул жерде милиция кызматкерлери эч кандай чара колдоно албайбыз. Анткени ошол ишкер арак сатууга укугу бар. Ишкерлик жүргүзүш үчүн салык төлөп жатат да. Айылдык кеңештин депутаттары, аялдар кеңеши, жаштар чогулуп, бул маселени карап, айылда арак сатылбасын деп чечим кабыл алса болот. Ал ички иштер бөлүмүнө түшсө, тийиштүү команда берилет. Тиешелүү органдар барып, протокол түзгөнгө укугу бар. Ага чейин алдырып коюуга укугубуз жок. Айыл тургундары арак ичип кылмыш кылгандар көп деп жатышат. Ат-Башы районунда 3 айылда бул маселе каралып, арактар сатылган жок», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×