Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуАт-Башы району 14.05.2019 16:41 На русском

Ат-Башыдагы үй-бүлөлүк медицина борбору толук оңдоп-түзөөдөн өтүүдө

Turmush -  Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган борбордон билдиришти.

Маалым болгондой, бул имарат 1956-жылы курулган. 2002-жылдан бери бир дагы жолу оңдоодон өткөн эмес. Учурда оңдоп-түзөө иштерин Түркиянын ТИКА башкармалыгы ишке ашырып жатат.

Оорукана оңдолуп жаткандыктан бейтаптар райондук №32 кесиптик лицейде кабыл алынып жатат.

«Хирург, көз дарыгери Ак-Жар айылынын оооруканасына, акушер-гинеколог, тери дарыгери райондук оорукана жакка көчүрүлдү, лабораторияда инфекционист-дарыгер бар.

Буюрса имарат оңдолсо, жаңы эмеректерге дагы буйрутма беребиз», - деди кызматкерлер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×