Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуАт-Башы району 14.05.2019 15:33

Көчмө кабылдама: Ат-Башыдагы тургундар милиция кызматкерлерине көйгөйлөрүн айтышты

Turmush -  13-май күнү Нарын ОИИБдин жетекчиси Улан Аалиев, Ат-Башы РИИБдин кызматкерлери, кичи коомдук кеңештин төрагасы Кубан Айдаралиев жана мүчөсү Медербек Жунусалиев болуп Ат-Башыдагы айылдарды кыдырып, элдин үнүн угуп, кайрылууларды кабыл алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

«Көбүнчө социалдык суроолор боюнча көп кайрылышты. Мисалы, жолдордун начардыгы, пенсия өз убагында берилбей жаткандыгы, электр жарыгы боюнча бир катар нааразычылыктар айтылды. Кара-Суу айылында кичине эле шамал болсо электр энергиясын өчүрүп коюшат экен. Ушул көйгөйдү баса белгилешти. Милиция кызматкерлерине көп суроо болгон жок.

Бул көчмө кабылдама график менен иштейт. Негизи дем алыш күндөрү эл көп чогулган жерлерге, базарларга барып кыдырып иштеп жатабыз. Бул көчмө кабылдама бизге көп жардам берип жатат. Элдердин көйгөйүн жеринен билип жатабыз. Бизге түшкөн көйгөйлөр боюнча тиешелүү түзүмдөргө кайрылабыз. Бүгүн эле 7 кайрылуу түштү», - деди Улан Аалиев.

Мындан 1 жыл мурда Нарын облусунун Ат-Башы жана Кочкор райондоруна бирден көчмө кабылдама унаалары берилген.

Ат-Башы РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасына жыл башынан бери 54 кайрылуу түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×