Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусу, Нарын 14.05.2019 14:56 На русском

Нарындагы эстеликтин айланасы жаандан кийин көлчүккө айланууда

Turmush -  Нарын шаарындагы Апрель революциясын эскерүү үчүн орнотулган эстеликтин айланасы көлчүк болуп калууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаар тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, Нарын шаарындагы парктардын биринде жайгашкан эстеликтин айланасында жамгыр жааган күндөрү көлчүк пайда болуп, шаар тургундарына ыңгайсыздык жаратууда.

«Апрель революциясын эскерүү үчүн орнотулган эстеликтин курулганына аз эле болду. Мен өзүм дайыма таң атпай паркта чуркап, сейилдеп жүрөм. Албетте, көлчүк курулуш иштери туура эмес жүргөндүктөн, жергиликтүү бийлик өз көзөмөлүнө албагандыгынан улам болууда. Бул Апрель революциясында курман болгон жарандарга жана анын жакындарына болгон урматсыздык», - деди шаар тургуну Сталбек Алманбетов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×