Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусу, Нарын 14.05.2019 14:39 На русском

Нарындын борбордук стадиону демөөрчүлөр тарабынан оңдолууда

стадион в городе Нарын
стадион в городе Нарын
// Turmush

Turmush -  Нарын шаарындагы борбордук «Ала-Тоо» стадиону демөөрчүлөр тарабынан реконструкцияланууда.

Аймактык кабарчы билдиргендей, шаардагы жападан жалгыз стадиондун газонун алмаштыруу иштери башталды. Бул иштерге Нарын шаарынан чыккан жеке ишкерлер колдоо көрсөтүп, демөөрчүлүк кылышууда. Ага 2 млн сом каражат бөлүнүүдө. Газонду алмаштыруу иштери 1 айдын аралыгында аяктайт.

Ошондой эле демөөрчүлөр тарабынан стадиондун отургучтарын дагы алмаштыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×