Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусу, Нарын 14.05.2019 08:21

Нарын облусунда кооптуу делген 300дөн ашык аймак бар

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Нарын облусунун аймагында кооптуу делген 339 аймак бар. Бул тууралуу ӨКМдин калкты жана аймакты коргоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, анын ичинен 197 аймакта сел каптоо коркунучу бар. 20га жакыны Нарын шаарында жайгашкан. Нарын шаарынын күн чыгыш тарабынан орун алган Мазар-Булак участкасында жашагандар жаан-чачын болгондо тынчсызданып келишет. Анткени бул аймакта суу каптоо жана таш кулоо коркунучу бар. Алар бул жерге 1970-жылдары келип отурукташып калышкан.

Учурда 1 чакырымга чукул аймакта 18 түтүн жашайт. Тийиштүү кызматтар тарабынан чаралар көрүлүп, коркунучтуу аймак толук көзөмөлгө алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×