Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуКочкор району 13.05.2019 17:35 На русском

Кочкордогу эки ардагер Улуу Жеңиштин 74 жылдыгын төшөктө тосушту

Turmush -  Кочкор районунда Улуу Ата Мекендик согуштун эки гана катышуучусу калды. Кочкор районунан 1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушка 5225 эр-азаматтар жөнөтүлгөн. Алардын ичинен 1491 адам гана кайтып келсе, 70 пайыздан ашыгы согуш талаасында курман болгон же дайынсыз жоголгон.

Кайтып келгендердин ичинен Улуу Жеңиштин 74 жылдык салтанатына Теңдик айылынын тургундары Нуркожо Исабаев, Жумабек Абиров күбө болушту. Бирок алар да ден соолугуна байланыштуу үйлөрүндө болушту.

Нуркожо Исабаев 1925-жылы жаз айында Кочкор районунун Теңдик айылында туулган. Алты жашка чыкканда энеси кайтыш болуп, агасы Сейиткожо экөө атасынын колунда чоңойгон. Кийин атасы Бакий Касымалиева деген аялга үйлөнүп, ал балдарга жакшы мамиле жасап, өз баласындай чоңойтот. 1941-жылы 22-июнда фашисттик Германия Совет мамлекетине кол салганда агасы Сейиткожо Исабаевге чакыруу кагаз келип, согушка аттанып, дайынсыз жоголгон.

«Алгач кат келип турду. Акыркы жолу кат менен кошо сүрөт салыптыр», - деди ал.

Нуркожо Исабаев 1943-жылы аскерге чакырылып, аскердик даярдыктан өтөт. Украинанын Кривой Рог шаарын бошотууда бутуна осколка тийип, госпиталда 6 айча жатып дарыланып чыгат. Бирок кайрадан бутунан жараланат. Госпиталда үч ай жатып, бутунда 11 осколка болгондуктан ички аскердик топко кызмат кылууга жөнөтүлөт. Кылмышкерлерди кармоо, камакка алуу, туткундарды кайтаруу иштерин аткарат. Кийин Польшада ок-дары сакталган складды кайтарат. Советтик аскерлер жеңгенден соң 1946-жылы складды өткөрүп берип, мекенине кайткан.

Согуштан келгенден кийин Фрунзедеги гидромелиорация техникумун бүтүрөт. 1946-жылдан баштап, ардактуу эс алууга чыккыча Кочкор, Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы райондорунда жана Фрунзе шаарында ар кандай жумуштарда иштеген. 1947-жылы үйлөнүп, Асангалый аттуу уулду болгон.

1955-жылы Жамбылдагы гидромелиорация институтун сырттан окуп бүтүргөн. 1968-жылдары Кочкор райондук айыл чарба башкармалыгында ОКСтын жетекчиси болуп көп жылдар эмгектенген. 1987-жылы Нарын облустук айыл чарба курулуш бирикмесинде башкы инженер болуп иштеп, кийин пенсияга чыгат. Азыркы күндө уулу Асанкалый Исабаевдин колунда. Үч жылдан бери төшөктө жатат.

Жумабек Абиров 1923-жылы Тянь-Шань районундагы №53 жылкы заводунун бир бөлүгү деп эсептелген Тегерек-Кырчын айылында туулган. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка аттанган. Пенза шаарындагы 313-аткычтар полкунда кызмат өтөп, 1943-жылы Сталинград кармашында жарадар болуп, согуштун 2-топтогу майыбы болгон. Андан кийин айылына кайтып келет.

Кочкор районундагы Кара-Тоо айылындагы механизаторлорду даярдоо курсун аяктап, Теңдик колхозунда механизатор болуп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан.

Кочкор районунда ооруктун алты гана катышуучусу калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×