Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуАк-Талаа району 13.05.2019 15:38 На русском

Ак-Талаа аймактык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басарлыгына Улан Койчубаков дайындалды

Улан Койчубаков
Улан Койчубаков
// Turmush

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук аймактык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары болуп Улан Койчубаков дайындалды. Жаңы дайындалган орун басарды оорукананын башкы дарыгери Гүлзуура Чолпонбаева жалпы жамаатка тааныштырды.

Койчубаков Улан Эмилбекович 1986-жылы 19-мартта Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Кара-Ой айылында туулган. 2003-жылы аталган айылдагы Ысмайыл Борончиев атындагы орто мектебин аяктаган. 2014-жылы Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында билим алып чыккан. 2016-жылы М.Мамакеев атындагы улуттук хирургия борборунда эмгектенип, 2016-жылдын август айынан тарта Ак-Талаа районундагы Орозбек Көккөзов атындагы аймактык оорукананын хирургия бөлүмүндө хирург-дарыгер болуп эмгектенип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×