Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуАк-Талаа району 13.05.2019 14:17

Ак-Талаада кыз-келиндер волейбол менен кол күрөшкө түшүштү

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда мекеме-ишканада иштеген кыз-келиндер арасында спорттун волейбол жана кол күрөш түрү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга спорт инструктор Улан Догдурбек уулу билдирди.

11-майда райондун спорт инструктору жана райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун уюштуруусунда өткөрүлгөн өтмө кубоктун жеңүүчүлөрү аныкталды.

Волейбол боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

- 1-орун Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин командасы, Тоголок Молдо айылы;
- 2-орун Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы, Баетов айылы;
- 3-орун «Тереке-Береке» бала бакчасынын командасы, Терек айылы.

Кол күрөш боюнча жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

- 1-орунду Жыргал Ыштообаева;
- 2-орунду Гүлжаз Капарбекова;
- 3-орунду Жыргалбек кызы Атыр камсыздады.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана дипломдор ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×