Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуЖумгал району 13.05.2019 10:56

Жумгалдын Беш-Терек айылында үйлөрдү каптаган селдин кесепеттерин тазалоо иштери улантылат

Turmush -  Кечээ, 12-майда Жумгал районунун Беш-Терек айылында үйлөрдү каптаган селдин кесепеттерин тазалоо иштери бүгүн да улантылат.

ӨКМдин маалыматына караганда, кечээ саат 15:30 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон сел жүрүп, Беш-Терек айылында 7 үйдүн чарбагын каптаган. Бирок үйлөргө зыян келтирилген эмес. Кырсык болгон жерге ӨКМдин ыкчам тобу, жергиликтүү тургундардан 15 адам, айыл аймактан 1 экскаватор жана 1 самосвал тартылган. Алардын жардамында 70 метр арык тазаланды.

Кеч киргендигине байланыштуу жумуш убактылуу токтотулган. Тазалоо иштери бүгүн, 13-май күнү да улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×