Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуАк-Талаа району 13.05.2019 09:40 На русском

Ак-Талаа райондук аймактык оорукананын эмчи айымдары сыйланышты

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Орозбек Көккөзов атындагы аймактык ооруканасында эмгектенген бир катар эмчи айымдарга сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

12-май — Бүткүл дүйнөлүк мээрман айымдар күнүнө карата 11-май күнү аталган ооруканада эмгектенип жаткан эмчи айымдарды акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, оорукананын башкы дарыгери Гүлзуура Чолпонбаева, Баетов айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Айзада Молдалиева, оорукананын башкы дарыгеринин орун басары Улан Койчубаков жылуу куттуктады. Кесиптик күндү белгилөө аземинин жүрүшүндө бир катар эмчи айымдарга сыйлыктар тапшырылды.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын сыйлыгы менен:

- Гүлнара Турдуманбетова, соматика бөлүмүнүн эмчи айымы;
- Замира Токоева, хирургия бөлүмүнүн эмчи айымы;
- Асел Осмонбетова, рентген-лаборант;
- Анара Токтогулова, статист.

Кыргызстан аялдар конгрессинин сыйлыгы менен;

- Гүлнасира Мамбеталиева, ардагер эмчи айым, «Өрнөктүү эне» төш белгиси менен;
- Люба Жакыпова, эмчи айым, ардак грамота менен сыйланды.

Баетов айыл өкмөтүнүн ардак грамотасы менен;

- Нуржан Бейшенбаева, жандандыруу бөлүмүнүн улук эмчи айымы;
- Айсалкын Сулайманкулова, жогорку категориядагы лаборант;
- Назира Жапарова, эмчи айым;

О.Көккөзов атындагы аймактык оорукананын ардак грамотасы;

- Дина Саткынова, жандандыруу бөлүмүнүн эмчи айымы;
- Бегай Райымбекова, хирургия бөлүмүнүн эмчи айымы;
- Асел Темирбекова, лаборатория бөлүмүнүн лаборанты;
- Атыр Кулманбетова, жугуштуу оорулар бөлүмүнүн эмчи айымы;
- Нургүл Мамытбекова, соматика бөлүмүнүн эмчи айымы;
- Сөйкө Саталы кызы, дарыкана бөлүмүнүн фармацевти.

Андан сырткары бир катар эмчи айымдарга аймактык оорукананын кесиптик кошууну тарабынан баалуу белектер ыйгарылды.

Кесип ээлерин ырчы Мирлан Шералиев да куттуктап, чыгармаларын тартуулады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×