Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуАк-Талаа району 13.05.2019 09:19

Ак-Талаада үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эмчи айымдары сыйланышты

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда эмчи айымдардын кесиптик күнү белгиленип, бир катар кызматкерлерге сыйлыктар тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 12-май — Бүткүл дүйнөлүк мээрман айымдар күнүнө карата 11-май күнү аталган борбордун эмчи айымдарын акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, ҮДБнын башкы дарыгери Райымберди Мамашарипов жана Баетов айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Айзада Молдалиева жылуу куттуктады. Кесиптик күндү белгилөө аземинде ак халатчан эмчи айымдар аккордеондун коштоосунда ырдап-бийлешти.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын сыйлыктары менен ҮДБнын көз оорулар кабинетинин улук эмчи айымы Чынара Саргожоева, Кара-Бүргөн айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун улук эмчи айымы Гүлзат Айтбаева, жугуштуу оорулар боюнча көзөмөлдөө бөлүмүнүн эмчи айымы Назира Дөөлөталиева сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу ассоциациясынын ардак грамотасы жана баалуу белектери менен:

- Чүрөк Касымова, Кызыл-Белес айылдык ҮДТнын фельдшери;
- Гүлина Исаева, Тоголок Молдо айылдык ҮДТнын дарыгери;
- Бүбүайым Исаева, Баетов айылдык ҮДТнын эмчи айымы сыйланды.

Нарын облустук аймактык ҮДБнын ардак грамотасы менен:

- Жаңылкан Жусупбекова, райондук ҮДБнын эмчи айымы;
- Гүлүмкан Абдыкалыкова, Үгүт айылдык ҮДТнын башчысы;
- Бүбалима Карабалаева, ҮДБнын эмчи айымы сыйланды.

Баетов айыл өкмөтүнүн ардак грамотасы менен:

- Сайрагүл Супабаева, ҮДБнын улук эмчи айымы;
- Улан Токторов, тез жардам бөлүмүнүн фельдшери сыйланды.

Аймактык оорукананын ардак грамотасы менен:

- Сурмайым Андашова, ҮДБнын эмдөө бөлүмүнүн эмчи айымы сыйланды.

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ардак грамотасы менен:

- Чынара Саргожоева, көз оорулар кабинетинин эмчи айымы;
- Жыпаркүл Мамытбекова, Баетов айылдык ҮДТнын эмчи айымы;
- Гүлбү Такенова, ҮДБнын окуу кабинетинин эмчи айымы;
- Венера Капарова, Кош-Дөбө айылдык ҮДТнын эмчи айымы;
- Рита Маметова, Ак-Кыя айылдык ҮДТнын эмчи айымы;
- Рысбүбү Нарбаева, Чолок-Кайың айылдык ҮДТнын эмчи айымы сыйланды.

Андан сырткары, эмчи айымдар арасында өткөрүлгөн кароо-сынак боюнча төмөндөгүлөр жеңишке жетишти:

- 1-орунду Ак-Кыя айылдык ҮДТу менен Үгүт айылдык ФАП биргеликте камсыздап, 3 миң сом;
- 2-орунду Кара-Бүргөн, Ак-Чий жана Терек айылдык ҮДТнын биргелешкен командасы ээлеп, 2 миң сом менен сыйланды. Ошондой эле Жаңы-Талап, Ак-Тал жана Кызыл-Белес айылдык ҮДТнын биргелешкен командасы да 2-орунду ээлеп, 2 миң сом менен сыйланды;
- 3-орунду Кош-Дөбө айылдык ҮДТу ээлеп, 1 миң сом жана Чолок-Кайың айылдык ҮДТу да 3-орунду камсыздап, 1 миң сом акчалай сыйлык жана дипломго ээ болушту.

Ал эми кызыктыруучу сыйлык менен Тоголок Молдо жана Баетов айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×