Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуАк-Талаа району 12.05.2019 18:21

Ак-Талаада «Жаш музыкант – 2019» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда 11-майда «Жаш музыкант – 2019» аттуу облустук сынак өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Ак-Талаа райондук маданият бөлүмү жана райондук Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектеби тарабынан уюштурулган жаш музыканттардын сынагына Нарын шаары, Тогуз-Торо, Ат-Башы, Кочкор, Жумгал, Ак-Талаа райондорундагы балдар музыкалык мектебинин окуучулары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, маданият бөлүмүнүн башчысы Марипа Муканова, Н.Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин директору Венера Артыкбаева жана райондордон келген музыкалык мектептердин директорлору сынактын катышуучуларына ийгилик каалашты.

Ошондой эле, сынакка Чаткал жана Аксы райондорунун музыкалык мектептеринин директорлору комиссия катары келип катышышты. Анда окуучулар комуз чертүү, фортепианодо, баянда жана аккордеондо ойноо, ырдоо, үйлөмө аспаптарда чыгарма аткаруу чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Комуз чертүү боюнча

1-орун Саадатбек уулу Азамат жана Кымбат Маашырбекова;

2-орун Седеп Мелисова жана Санжар Рысбеков;

3-орун Ильгиз Айбеков жана Эльзар Токонов.

Фортепианодо ойноо боюнча

1-орун Бектемир Таалайбеков жана Чолпон Мырзабекова;

2-орун Малика Эралиева, Канат Айтбаев жана Айчолпон Артелова;

3-орун Айжамал Медетбекова жана Зарина Кайырбекова.

Вокал боюнча

1-орун Шадидана Аманбекова жана Марат Бакишов;

2-орун Мончок Саматова жана Адыл Асанбеков;

3-орун Жаныбек уулу Сагынбек жана Айгерим Асыгалиева.

Үйлөмө аспапта ойноо боюнча

1-орун Бабан Саматов жана Самат Божонов;

2-орун Сыймык Кулмурзаев жана Эркинбек уулу Ислам;

3-орун Таалайбек кызы Кундуз.

Аккордеондо ойноо боюнча

1-орун Нурдөөлөт Жумабаев жана Нурзамат Муктаров;

2-орун Аскат Жолдошбеков;

3-орун Бектур Жусупбеков, Шайлообек уулу Аманат жана Бейшенбек уулу Бакай.

Баянда ойноо боюнча

1-орун Адылбек уулу Сүйүнбай жана Медер Таштанбеков;

2-орун Мирбек уулу Адилет жана Калыбек уулу Тынар;

3-орун Тилеген Жумадилов жана Сабырбек кызы Жаркынай камсыздашты.

Сынактын жеңүүчүлөрү акчалай сыйлык жана дипломдор менен сыйланышты. Андан сырткары, Кочкор райондук М.Мусулманкулов, Нарын шаардык Ж.Шералиев, Ат-Башы райондук Ж.Шералиев, Жумгал райондук Рысманбетов атындагы балдар искусство мектебине, ошондой эле Жумгал райондук Миң-Куш жана Жаңы-Арык, Тогуз-Торо балдар искусство мектебине ыраазычылык каттар ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×