Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуНарын району 12.05.2019 14:30

Нарындын Эмгек-Талаа айылында ветеринардык клиника ишке берилди

Turmush -  Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагындагы Эмгек-Талаа айылында жаңы курулуп бүткөн ветеринардык клиника ишке берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ачылыш аземге райондун акими С.Черикбаев, коомдук ишмер Н.Молдобаев жана айыл тургундары катышты.

Маалым болгондой, ветеринардык клиника «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорунун алкагында курулду. Курулуштун жалпы баасы 633 миң 320 сомду түзгөн. Анын 92 миң 600 сому коомчулук тарабынан каржыланып жана 77 миң 940 сомдук жумушту жергиликтүүлөр өздөрү аткарышкан. Курулушту «Бекем» жоопкерчилиги чектелген курулуш ишканасы ишке ашырды.

Эми айыл тургундары малын ар кандай жугуштуу илдеттерден дарылатуу менен бирге бул жерден койдун жүнүн кырктыруу мүмкүнчүлүгүнөн дагы пайдалана алышат.

Айыл аймак Эмгек-Талаа жана Хутор Ак-Талаа айылдарынан туруп, 300гө жакын түтүн жашайт.



Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×