Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуАк-Талаа району 12.05.2019 12:33

Ак-Талаада Таш-Кыя кыясынан унаалар чыга албай, айдоочулар кыйналууда, - тургундар

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов—Кош-Дөбө унаа жолундагы Таш-Кыя кыясынын тиктигинен улам унаалар чыга албай, айдоочулар кыйналууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

11-май күнү эртең менен оор жүк ташуучу «КамАЗ» унаасы аталган кыядан чыга албай, жолго туурасынан токтоп калган. Анын кесепетинен түшкө чейин кыяда унаа тыгыны пайда болду.

«Таш-Кыяга туурасынан жүк ташуучу унаа токтоп калыптыр. Унаалар араң эле чыгып-түшүп жатышат. Грейдер бара элек. Мындан 2 жума мурун барганда эле ушундай болчу. Жол абдан начар абалда. Ортосуна шагыл үйүлүп калган. Кыя өтө тик, ортосу дөң. Ошол ортодогу дөңгө жеткенде унаалар тартпай калып, чыга албай токтоп калышат. Өзгөчө кыш мезгилинде кыядан түшүп-чыгуу кыйын. Кыянын башын жана ортосундагы дөңсөө жерин түздөп, бир аз жапыз кылышса болмок», - деди жүргүнчүлөрдүн бири.

Ал жакында эле Кош-Дөбө айылына бара жаткан жеңил унаа ушул кыядагы шагылдан тайгаланып, жол жээгиндеги мамыны сүзүп токтоп калгандыгын, мамы болбогондо унаа тоголонуп кетүү коркунучу болгонун кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×