Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуНарын району 11.05.2019 15:27

Нарындын Эмгек-Талаа айылындагы алма бакка жаңы көчөттөр отургузулду

Turmush -  Нарын районунун Эмгек-Талаа айылындагы «Жакыпбек Ата» алма багына алманын жана жаңгактын 100гө чукул жаңы көчөттөрү отургузулду. Бул тууралуу айыл аймактын башчысы Айна Осмонова билдирди.

Анын айтымында, алма бактын жана жаңгактын жаңы көчөттөрү демөөрчүлөр тарабынан алынып келинген.

«Алманын 70 көчөтү жана жаңгактын 30 көчөтү отургузулду. Бул иш-чара айылдын туулган күнүнө туш келгендиктен айыл эли жапырт келишип, алма бактын ичин көрктөндүрүүгө катышты. Бул күнү алар өнөрпоздордун чакан программадагы концертине күбө болушту. Көчөттөрдү отургузууга аким Семетей Черикбаев, коомдук ишмер Нарынбек Молдобаев жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×