Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуКочкор району 11.05.2019 10:54

Кочкордо милициянын көчмө кабылдамасы тургундардын арыздарын кабыл алууда

Turmush -  Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн көчмө кабылдамасы Көк-Жар айылында болуп, жергиликтүү тургундардын арыздарын кабыл алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анда РИИБдин өкүлдөрү аймактагы эл менен жолугушуп, кылмыштуулук жана башка социалдык мазмундагы арыз-даттанууларды кабыл алышты. Көчмө кабылдама онлайн режимде ИИМ тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Кабылдамада атайын каттоо китепче болуп, ар бир тургундун арызы катталып, арыз жана даттанууларга жооптор берилет. Кочкор районунда жыл башынан бери 4 ай аралыгында РИИБдин көчмө кабылдамасы 26 жолу аймактарга чыгып, ага 75 адам кайрылган.

Көчмө кабылдамага тургундар жол белгилеринин жоктугу, мектеп жана бала бакчалардын алдындагы жолго жол сызыктарын сызуу талаптарын айтышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×