Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуНарын району 10.05.2019 13:38

Эмгек-Талаада балдар ойноочу жай ачылды

Turmush -  Нарын районундагы Эмгек-Талаа айыл аймагына караштуу Эмгек-Талаа айылында «Алымбай ата» балдар ойноочу жайы ачылып, иштей баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Анын ачылышына Нарын районунун акими Семетей Черикбаев, коомдук ишмер Н.Молдобаев жана айыл тургундары катышты. Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Айна Осмонова сөз сүйлөп, Алымбай атанын кыйын кезде элине кылган кызматын баса белгилеп, келечек муун үчүн үлгү болорлук иштерин айтып өттү. Андан соң сейил бактын кызыл тасмасы кесилип, келген меймандар аталган жайды кыдырып көрүштү. Маркумдун балдары жана жакындары курулушка демөөрчүлүк кылышкан.

Эми айылдын балдары заманбап үлгүдөгү жайда ойноп күн кечиришет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×