Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуАт-Башы району 10.05.2019 12:46 На русском

«Жеңеке»: Ат-Башынын суугуна ыйлап, уй үчүн уйкусуз түндөрдү өткөргөн шаардык Аргинанын элеттеги баяны

Turmush -  31 жаштагы чүйлүк Аргина Кожомкулова мындан 3 жыл мурун Ат-Башы районуна келин болуп барган. Ал бул жерге жаңы келгенде суукка көнө албай ыйлаганын эч унутпайт. Жолдошу Өмүр ИИМдин академиясын бүтүргөн. Аргина жеңе менен аймактык кабарчы таанышты.

«Мен Ысык-Ата районунан болом. Турмушка 28 жашымда чыккам. Жолдошум менен Ат-Башыга барганда таанышып калгам. Курбу кызым ушул жерге келин болгон. Ал мени үйүнө чакырган. Түнү менен жол жүрүп, Ат-Башыга таңкы саат 06:00дө жетип, курбумду саат 09:00гө чейин күттүм. Ортодон чачымды жасатып алайын деп чачтарачка кирдим. Мени менен чогуу бир жигит кирип калды. Ошол жерде иштеген кыздар Ат-Башы жөнүндө айтып беришти. Тиги жигит дагы сөзгө аралашты. Аны бир көргөндө эле жактырдым. Андан кийин телефон номурларыбызды алып, сүйлөшүп калдык. Кийинчерээк баш коштук. Буюрса азыр баары жакшы. Бактылуубуз, жакшы адамдарга жолуктум, кайын журтум аябай жакшы адамдар. Жолдошум 10 бир туугандын кичүүсү. Ал 1985-жылы туулган, аты Өмүр. Учурда ички иштер органында иштейт», - деди ал.

Аргина башынан өткөн окуяларды айтып берди.

«Жаңы келин болгондо Ат-Башынын суугуна таң калдым. Андай суукту өмүрүмдө көргөн эмесмин. Ноябрдын аягында от жагып баштаганбыз. Марттын аягында жакпай калдык. Үшүгөндө эч кимге билгизбей ыйлачумун. Такыр уй саап көргөн эмесмин. Биринчи жолу апам (кайненем) үйрөттү. Жаңы үйрөнгөндө жай саачумун. Ошондо суукта уй саап бүткүчө колдорума сүт тоңуп калчу. Анан 13 кг арыктагам.

Мен барганда бир уюбуз жаңы тууптур. Жолдошум ошол уйду күндө жетелеп барып сугарыш керек деген. Ал айткан күнү уктабай чыктым. Эртең уй качып кетсе, кайра кантип кармайм деп корктум. Ошентип күнүгө жетелеп сугарып жүрдүм. Күндө кечинде эртең качпаса экен деп ойлончумун. Арадан 2 ай убакыт өттү. Бир күнү кошуна байке "ай сага эмне болгон? Күндө эле уйду жетелеп өтөсүң" деди. Мен ага "ушинтип сугарыш керек экен. Жаңы тууган бул уй" десем аябай күлдү. "Музоосу бар уй эч жакка кетпейт" деп айтты. Жиним менен жолдошума айтсам, ал каткырды. Көрсө тамашалап коюптур. Жөн эле 2 ай жетелептирмин. Жолдошум эртең менен кетип, кечинде келет. Антип сугарып жүргөнүмдү билбептир.

Жолдошум аябай жакшы адам. Ал жок мурун кантип жүргөнүмдү билбейм. Мени ар тараптан колдоп турат. Ушундай адамга турмушка чыкканыма бактылуумун. Көп балалуу болуп, бактылуу жашасам дейм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×