Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуКочкор району 10.05.2019 09:38

Белгисиз Мариянын каты же согуштагы сүйүү: Үч кан майданга катышкан Шамшы ата тууралуу баян

Turmush -  Кочкор районунун тургуну Тамара Көчкүнбаева согуштун катышуучусу, атасы Шамшы Көчкүнбаев тууралуу аймактык кабарчыга эскерип айтып берди.

Тамара Көчкүнбаева чыныгы майрам 9-май деп эсептейт. Бул күнү таң эрте ата-энесинин сүрөтүн колуна кармап, «бизге тынч жашоону, жарык маанай тартуулаган аталарга рахмат. Бир колу менен бешик терметип, экинчи колу менен согуштагы жоокерлердин камын ойлогон энелерге таазим» деп аларга ыраазычылыгын билдирип, көзү өткөндөрдүн арбагына багыштап куран окуйт. Ал эми күйөө баласы Алтымыш Шаршенбаев кайын атасынын сүрөтүн алып, «Өлбөс полк» парадына басууга даярданат.

«Атам Шамшы Көчкүнбаев 1920-жылы Нарын районунун Куланак айылында жарык дүйнөгө келген. 1939-жылы Советтик кызыл армиянын катарына чакырылган. Украинанын Львов шаарында кызмат өтөп жүрүп Фин согушуна катышкан. 1941-жылдын жай айында кызмат аяктады, эми үйгө кайтабыз деп турган мезгилде Германия СССРге кол салган экен. Атам кызмат өтөгөн бөлүк Германиядан 75 чакырым алыстыкта жайгашкан экен. Согуш башталган мезгилде көп учурга чейин жоокерлер үстүндөгү кийимин алмаштырбай, бут кийимин чечпей жүрүшүптүр. "Эс алуу учурунда бут кийимди чече албай, жолдошторумдун жардамы менен эптеп чечсем, обмотканын таманы бутумдун таманына ушунчалык кирип кетиптир. Кудайдын боору ооругандай..." деп согуш талаасындагы болгон окуяларды эскерип айтып берчү. Атам эки жолу кызыл жылдыз алган. Биринчиси кайсы бир шаардагы немистер өтүүчү көпүрөнү жардырып, экинчиси командирдин тапшырмасы менен немистердин "тилин" туткунга түшүрүп, тирүү бойдон командирге алып барган. 1942-жылы денесине 2 ок тийип, узак убакыт бою госпиталда дарыланып чыгып, Орлов, Курск аймагындагы айгышкан согушка катышкан. Бир күнү жоокерлерди катарга тизип, Кыргызстандан келген жардамды таратып, атама бышырылган керчөө, эки жүз аарчы, колкап, байпак жана башка бар экен. Ичинде кат жүрүптүр, ал катта минтип жазылыптыр: "Жоокер ушул биздин жибергендерибиз душмандын жүрөгүнө ок болуп атылсын. Кааласаңыз кат жазыңыз. Куланак райком комсомолунун биринчи катчысы Мария Мамытова". Атам таң калып, аман барсам, ушул кызга жолугам. Балким жолдошу жок болсо, үйлөнөм деп кыялданып, ал кызга эсендик кат жазып жөнөтүптүр. Акыры согуш аяктап, 1945-жылы Япониядагы согушка катышып келген», - деди ал.

Шамшы Көчкүнбаев согуштан кайтып келгенден кийин кат жазган кызга үйлөнгөн.

«Атам айылга жеңиш менен келип, айылдагыларды түлөөгө чакырат. Бул түлөөгө 1942-жылы кат жөнөткөн Мария Мамытова да чакырылат. Атам эшиктен баш баккан секретарга кадимки армияда жүргөндөй колун чекесине алып, "жолдош секретарь, сиздин буйругуңуз кынтыксыз аткарылды. Айгышкан жоону жеңип, жеңиш менен келдим!" деп честь бериптир. Ошол түлөөдөн кийин атам менен апам Мария баш кошушкан. Экөө 55 жыл бирге түтүн булатышкан. Апамдын төрөгөн балдары токтобой жүрүп, мени энем бетиме көө шыбап, 90 жамаачы кийим кийгизип багып чоңойткон экен.

Апам Ысык-Көлдөн болот. Таяталарым бай манап болуп, кулакка тартылып, апамды таякем Ташкентке кетирип, аман алып калган экен. Билимдүү киши болчу, бир катар райондук партиялык комитеттерде 2-секретарь болуп иштеген. 1976-жылдары Куланактагы кесиптик техникалык окуу жайдын директору болуп иштеп, эс алууга чыккан.

Атам ыр жазууга шыктуу болчу. Ал убагында мекенчил адам эле. Бир жылдары А.Акаев Айыл маданиятын көтөрүү — жакырчылыкты жоюу жылы деп атаган. Ошондо атам президентке кат жөнөткөн. "Куланак айылында согуштун 13 катышуучусу барбыз. Биз өз ара сүйлөшүп, Жакырчылыктан чыгуу жылында өз ыктыярыбыз менен алган пенсиябыздын 5 пайызын ай сайын өтө жакыр адамдарга берүүнү чечтик. Айына 440 сом пенсия алам. Менин жардамым жылына 204 сом болот экен. Эгер туура түшүнсөк, ар бирибизден ушунча акча чогулса, мамлекетке көп эле жардам болот" деп жазган экен», - деди ардагердин кызы.

Шамшы Көчкүнбаев 2000-жылы 80 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Ал бир эмес 3 согушка катышып, 5 жолу жарадар болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×