Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Нарын облусуЖумгал району 09.05.2019 17:20

Жумгалда Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата «Өлбөс полк» жүрүшү өттү

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылында 9-май — Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата массалык жөө жүрүш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага бийлик өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты. Саамалыкта Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аталарга арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюлуп, куран окутулду. Аянтта концерттик программа көрсөтүлүп, сый тамак уюштурулган.

Жумгал району боюнча согуштун жана ооруктун 8 ардагери калган.

- Абайылда Мусаев 1925-жылы туулган, согуштун катышуучусу;

- Токон Мурсалиев 1924-жылы туулган, согуш ардагери;

- Нурлук Мусаев 1929-жылы туулган, ооруктун майыбы;

- Бүбүкан Абдыбачаева 1934-жылы туулган, тылдын катышуучусу;

- Шарапидин Момунов 1931-жылы туулган, ооруктун ардагери;

- Токтогон Аблабеков 1931-жылы туулган, ооруктун ардагери;

- Теңир Кадырбаев 1933-жылы туулган, ооруктун ардагери;

- Уулбүбү Исакова 1925-жылы туулган, ооруктун ардагери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×