Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуАк-Талаа району 09.05.2019 13:54

Ак-Талаанын Баетов айылында Жеңиш майрамына карата 2 жылкы союлуп, парад өттү. Видео

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылында 9-май — Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата массалык жөө жүрүш өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чарага райондук бийликтин өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты. Парад саат 09:30да райондук маданият үйүнүн алдынан башталып, борбордук Манас көчөсү аркылуу Баетов айыл өкмөтүнүн жанындагы согушта курман болгон аталарга арналып тургузулган эстеликтин алдына чейин уланды. Андан соң эстеликтин алдына гүлчамбар коюлду.

Андан сырткары Баетов айыл өкмөтү менен биргеликте согуштун ардагерлеринин урпактары каражат чогултушуп, 2 жылкы союлуп, согушта курман болгон аталарга багышталып куран окулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×