Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуКочкор району 09.05.2019 11:54 Жаңыланды: 09.05.2019 17:00

Кочкордо Улуу Жеңиш майрамына карата «Өлбөс полк» жүрүшү өттү

Turmush -  Кочкор районунда 9-май — Улуу Жеңиш майрамына карата «Өлбөс полк» жүрүшү өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жүрүш эки тараптан — бири Теңдик айылынан, экинчи топтун жүрүшү Жаңы-Жол айылындагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналып курулган эстеликтин алдынан башталды. Жаңы жол айылындагы эстеликтин алдында куран окулган соң Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов баштаган топ Сагынбай Орозбаков көчөсү менен келип, эки топ кошулду.

«Өлбөс полк» жүрүшү андан ары уланып, катышуучулар Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын алдындагы эстеликтин жанына барышты.

Аким Нурлан Керимкулов ардагерлерди жана жалпы район элин Жеңиш майрамы менен куттуктап, 77 жыл мурун согуш талаасында Сардарбек Токтомамбетовдун жазган катын катышуучуларга окуп берди. Ал катта элин сабырдуу болууга жана жеңиш биз тарапта болорун жазган.

Райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Ч.Айтматовдун «Саманчынын жолу» чыгармасынан үзүндү аткарылып, элге согуш жылдарындагы кыйынчылыкты, жеңиш күнүндөгү сүйүнүчтү эске салышты.

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ооруктун 7 катышуучусуна жана согуштун 1 ардагерине акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Кочкор районунан 5 миң 225 адам согуш аттанып, 275 адам майдан талаасында каза болгон. Ал эми 1491 адам өз мекенине кайтып келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×