Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуНарын району 08.05.2019 15:42

Улуу жеңишке 74 жыл: Согуштун ардагери А.Өмүралиевге «Аскерде  сиңирген  эмгеги үчүн» медалы тапшырылды

Turmush -  Нарын районунун Жалгыз-Терек айылындагы согуштун ардагери Асык Өмүралиевге «Аскерде сиңирген эмгеги үчүн» медалы тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатынын комиссары К.Ашырбеков баштаган бир катар кызматкерлер Нарын районуна караштуу Жалгыз-Терек айылында жашаган согуш ардагеринин үйүндө болушту. Анын ал-акыбалын сурап, алдыда келе жаткан Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктап, башына калпак кийгизишти. Ошондой эле «Аскерге сиңирген эмгеги үчүн» медалы тапшырылды.

Согуш ардагери чай үстүндө башынан өткөргөн окуяларынан кеп салып, ак батасын берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×