Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуНарын району 07.05.2019 17:32 На русском

Нарын районунда Улуу Ата Мекендик согуштун 4 гана ардагери калды

Turmush -  Нарын районунда Улуу Ата Мекендик согуштун 4 гана ардагери калды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Нарын районунун жетекчилери учурда Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлердин үйлөрүнө барып кабар алууда.

Ардагерлер — Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Кеңеш айылынын 94 жаштагы тургуну Усубалиев Асек, Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Терек айылынын 98 жаштагы тургуну Өмүралиев Азык, Орток айыл өкмөтүнүн Кайыңды айылынын 98 жаштагы тургуну Бугубаев Шаажусуп, Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн Жер-Көчкү айылынын 94 жаштагы тургуну Калыкбеков Аскар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×