Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуЖумгал району 07.05.2019 16:48

Жумгалда искусство мектебинин жаңы имараты 45 млн сомго курулуп жатат

Turmush -  Жумгал райондук Ч.Дүйшеева атындагы балдардын искусство мектебинин жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу мектеп директору Шарипбек Чүтөев билдирди.

Анын айтымында, курулушка республикалык бюджеттен 45 млн сом бөлүнгөн. Анын капсуласын салууга жергиликтүү бийлик, Жогорку Кеңештин депутаттары А.Кулбараков менен Т.Зулпукаров катышты.

Мектеп 1934-жылдары ашар жолу менен курулуп, Москва мектеби деп аталган. Андан кийин аталышы Т.Турсунбаева атындагы мектеп болуп өзгөргөн. 1968-жылы толук оңдоодон өткөн болчу. Эми искусство мектебинин жаңы имараты Советбек Байгазиев атындагы борборлоштурулган китепкананын ордуна курулууда.

«Китепкана бузулуп, анын ордуна 2 кабаттуу жаңы имарат салынып жатат. Жер төлөсү дагы курулат. Ал эми китепкананын жамааты искусство мектебине көчүштү», - деп билдирди директор Шарипбек Чүтөев.

Эскилиги жеткен имаратты бузуу, курулуш материалдарын иреттөө иштерине Жумгал райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүнүн каттоосунда турган жумушсуз жарандар тартылып, убактылуу иш менен камсыз болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×