Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуНарын району 07.05.2019 12:07

Улуу Жеңишке 74 жыл: А.Калыкбеков Латвияда согуш майданынан жаракат алып, мекенине кайткан

Turmush -  Аскар Калыкбеков 18 жашында согушка аттанган. II Прибалтика фронтунун 1336-аткычтар полкунда кызматын өтөгөн. Ал мекенине 1945-жылы кайтып келген.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аскар Калыкбеков 1925-жылдын 20-январында Нарын районуна караштуу Төш-Булак айылында туулган. 1935-1942-жылдары Төш-Булак жети жылдык мектебинде билим алып, 1942-жылдын сентябрь айында Нарын шаарындагы педагогикалык техникумдун тил факультетине кабыл алынган болчу. Окуп жаткан кезинде комсомолго өтүп, билет алууга үлгүрбөй, өз ыктыяры менен 1943-жылдын январь айында Улуу Ата Мекендик согушка аттанган.

Адегенде Ыраакы Чыгышта, андан кийин азыркы Пермь облусунда атайын даярдыктан өтүп, снайпер-кенже сержант наамын алган. II Прибалтика фронтунун 1336-аткычтар полкунда кызматын өтөгөн. Великие Луки шаарын акыркы бошотуудан баштап, душманды чегиндирүүдө Латвиянын чегине чейинки аралыкта, фашисттердин катуу каршылык көрсөтүүсүндөгү чоң салгылаштарда болгон. Латвиянын чегиндеги согуш майданындагы айыгышкан катуу салгылашта оң бутунан оор жаракат алып, аскердик госпиталда алты жарым ай жаткан. Айыгып чыгып, 1945-жылдын март айында мекенине кайтып келди.

1945-жылдын июнь айынан баштап колхоздун уй фермасында эсепчи, андан кийин жылкы фермасынын башчысы болуп иштеген.

Андан соң педагогдук кесипке өтүп, Төш-Булак мектебинде 1947-1948-окуу жылынан баштап орус тилчи жана кыргыз тилчи мугалим болуп иштей баштаган. Мамлекеттик билим берүү башкармалыгынын чектөөлөрүнө ылайык Оорук-Там, Ийри-Суу мектептеринде орус тилчи, кыргыз тилчи мугалим, кийинчерээк башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенген. 1952-жылы КПССтин мүчөсү болуп кабыл алынган. 1962-жылдан 1980-жылга чейин Жер-Көчкү сегиз жылдык мектебинде башталгыч класстын мугалими болуп иштеген. Жалпысынан мугалимдик кесипте 33 жыл үзгүлтүксүз эмгектенип, билим берүү жана тарбиялоо ишинде өз салымын кошту.

Байбичеси Калыкбекова Ырысбүбү экөө 6 уул, 2 кызга татыктуу билим-тарбия берип, эрезеге жеткиришкен. Учурда айылдын кадырлуу аксакалы катары нарктуу кеби, набааттуу адеби менен жаштарга үлгү көрсөтүп, урмат-сый үстүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×