Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Нарын облусуНарын району 25.04.2019 10:32

Нарын районунда байчечекей гүлүн ачканда Дөбөлүгө «кылычын кармап кыш» келди. Видео

Turmush -  Кечээ, 24-апрелде Нарын районундагы Дөбөлү айылында кар жаады. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Дөбөлү айылынын тургуну Асел Чаки кызынын айтымында, мал жайлоого, жайытка кете албай жатат. Жайлоодо кар кете элек.

«Нарында кыш 7 айга созулуп жатат. Башка аймактарда абанын температурасы салыштырмалуу жылуу болсо, бул жерде кышында -30 градуска чейин суук болду. Дагы эле сууктун күчү кайта элек. Тынбай жамгыр жаап жатат. Картошка эгилмек турсун, жер төлө ачыла элек», - деди ал.

--------------------------------------------------------------

Бүгүн, 25-апрелде түндө Талас районунун Талды-Булак айылында кар жаады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, кардын калыңдыгы 10-15 см жетет. Айылда эч кандай күтүүсүз нерселер болгон жок. Эл малын жайытка чыгарган жок. Мектеп өз калыбында иштеп жатат. Кар азыркы учурда бир аздан да жаап жатат.

Кечээ, 24-апрелде Баткен облусунун Айдаркен шаарында да кар жааган.

Кар катуу жаагандыктан жергиликтүү жашоочулар абанын температурасы төмөндөп кетишинен коркуп жатышат. Себеби мөмө-жемиштерди үшүк алышы мүмкүн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×