Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Ош облусу, Ош 20.04.2019 13:30 На русском

Оштун ашпозчулары өзгөчө даамдуу аш кандай жасаларын көрсөтүп беришти (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 20-апрелде өтүп жаткан «Ош—Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чараларынын алкагында тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулду.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, көргөзмө үчүн 25 чатырча тигилип, ар бирине тамактын 35тен ашуун түрү коюлган. Мындан сырткары, шаардагы тамактануучу жайлардан ашпозчулар келип, жеринде аш демдөөнүн эрежелерин көрсөтүп беришти. Катышуучулар өзгөчө даамдуу аштан ооз тийишип, тамшанышты.

Ал эми Ош шаарынын тургуну Базаргүл Мамырова «Түрксой» деген жазуусу менен жасалган боз үй тибиндеги нандарды көргөзмөгө алып келген.

«Мен илгертен эле нандын түрлөрүн бышырганды жакшы көрөм. Атайын токочтордон курап боз үйдүн формасындагы нан жасадым. Мындан сырткары, Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданий ордосу болгону үчүн «Түрксой» аталышындагы нанды бышырып, алып келдим», - деди ал.

Ош шаарында 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашагандыктан 25 улуттун тамак-аштары көргөзмөгө коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×