Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуАк-Талаа району 19.04.2019 17:58

Ак-Талаада өзгөчө кырдаалдардан сактануу боюнча окутуу жүрдү

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы 4 айылдын жергиликтүү жашоочуларына табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан сактануу ыкмалары окутулгандыгын райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, 2019-жылга Кыргыз Республикасынын потенциалдуу коркунучу бар аймактарында жашаган калкты жеринде барып окутуу планына ылайык 15-16-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун «Турмуш тиричилик коопсуздугунун негиздери» кафедрасынын окутуучулары Ак-Талаа районунун Ак-Чий, Жаңы-Тилек, Терек, Баетов айылдарында жашаган калкты окутушту.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×