Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуКочкор району 19.04.2019 17:39

Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн айдоочулары билимин жогорулатты

Turmush -  Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 28 айдоочусу билимин жогорулатты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, алар техник айдоочу категориясынын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча окуудан өтүшкөн. Окуунун жүрүшүндө көлмөдөн, арыктан гидроэлеватордун, суу алуучу насостун жана өрт гидрантынын жардамы менен суу алуу ыкмалары практика жүзүндө көрсөтүлдү. Жыйынтыгында техник айдоочулардын алган билимдери бааланып, сертификаттар тапшырылды.

Мындан тышкары кароол башчы, команда башчы жана кезмет нөөмөтчү категорияларынын квалификациясын жогорулатуу максатында окуулар өтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×