Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуКочкор району 19.04.2019 16:45

«...чыгарарда "оозун ачып" таң калган туристтер ырдашат»: Кайырбүбү апа — элеттик ишкер

Turmush -  Кочкор районунун Теңдик айылынын 72 жаштагы тургуну Кайырбүбү Иманканова ишкерчиликти мындан 18 жыл мурун өздөштүргөн. Элеттик ишкер айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Кайырбүбү Иманканова жашым келип, карып калдым дебей ишкерликтин көзүн таап, жай мезгилинде иштеп, күзүндө жер кыдырып эс алууну адатка айландырган. Ал жаш кезинде бала бакчанын жетекчиси болуп да эмгектенген.

«Жолдошум экөөбүз 5 кыз, 2 уулдуу болдук. Мен 37 жашымда күйөөмдөн ажырап калдым. Өмүрлүк жарыңдан ажыроо азап эмеспи. Кара-Тоо айылындагы бала бакчада жетекчи болуп иштеп жүрүп, пенсияга чыктым. Балдарды окутуу, бутуна тургузуу менин мойнумда эле. Пенсияга чыккандан кийин дагы иштеп, акча табуунун жолун издеп жүрдүм. 2000-жылдардан тартып Кыргызстанга чет мамлекеттерден туристтер көп келе башташкан. Ошол учурда бир таанышым Швейцариядан бир турист аял келип, шарты менен жатакана издеп таппай жатканын айтып, мага сунуштап калды. Ошондон тартып чет мамлекеттен келген туристтерди коноктой баштадым. Атайын туристтер менен иштешкен компанияга кирип, шарттарымды тууралап алдым. Ошондон бери балдарым менен биргеликте чет элдик конокторду тособуз.

Келген туристтер биздин буюм, тамак жана жаратылышыбызга суктанышат. Келген туристтерге кыргыздын кол өнөрчүлүгүн көрсөтөбүз», - деди ал.

Ишкер туристтерди таң калтырган окуяларды айтып берди.

«Жүн ийрип, жип жасаган ийикти көрүп аябай таң беришти. Ийиктин башындагы жүндү кармап, кайра ийрилген жипти кармап көрүп, "бул кандайча?" деп суроо беришкен. Ийикти колдоруна алып да көрүштү. Ала кийиздин жасалганын көрсөтүп берем. Ала кийизди да көрүп таң калышат. Мен да көңүлдүү болсун деп, улуттук патриоттук ырлардан ырдап берип, ала кийизди жасоону көрсөтүп берем. Чийден кийизди чыгарарда туристтерди "ырдагыла, анан көрсөтөм" десем, алар да ырдап беришет. Бири-бирибизди жандап түшүнүшөбүз. Алардын айрымдары "көп баланы кантип багасың?" деп сурашат. "Тамактар абдан даамдуу" деп тамшанып жешет.

Жаштар иштегенге жумуш жок дешет. Азыр жанталашып иштеген адам гана алдыга жылып, жакшы нерсеге жетишет. Ушак айтып, көчөдө эки-экиден отургандар да бар. Мен өзүмө тыңмын. Карыдым деп отуруп алсам да болмок. Бирок отура алган жокмун. Жайкы мезгилде жаным тынбай, туристтерди тейлеп иштейм. Күз-кыш эс алууга чыгып кетем. 2018-жылы Өзбекстанга эс алууга барып келдим. Ал жактагы туристтерди тейлеген жайлар менен тажрыйба алмашууга жакшы шарт түзүлдү. Ар кимибиз өзүбүздүн жашообузду өзүбүз жакшырта алабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×