Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуЖумгал району 19.04.2019 09:21 На русском

Жумгалда жүргүнчүлөр Кызарт ашуусундагы эс алуучу жай таштандыга айланганына нааразы. Сүрөт

Turmush -  Жумгал районуна бара жатканда жүргүнчүлөр Кызарт ашуусунда эс алып, айдоочулар унаасын бир сыйра карап, анан жолун улантышат. Айрымдары ошол жерден шам-шум этип да алышат. Бирок ал жер таштандыга толуп, жүргүнчүлөрдү ыңгайсыз абалга калтырат.

Жүргүнчүлөрдүн айтымында, аталган жердеги вагондордун ээлери тазалыкты сактоону унутта калтырышкандай. Кышкысын жаккан отторунун күлдөрүн туш келди төгө беришкен.

«Таштанды челектерин коюу ойлоруна да келбептир. Жумгал району деген жазуунун жанынан өткөндө таштандыдан чыккан жыт мурунду жарат. Ал эми ажаткана каралбай, дубалдарынан жарака кетип, шыптары түшө баштаган. Ашуудан ары-бери өткөн район жетекчилери көрсө да көрмөксөн болгону алардын кайдыгерлигинен кабар берет. Туристтер дагы өтүшөт. Эми жумгалдыктар тазалыкты сактоону качан үйрөнөбүз? Кайдыгерликтин да чеги болот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×