Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Нарын облусуАк-Талаа району 18.04.2019 15:28

Кара-Бүргөндүн айрым тургундары кооптонгон бала бакчанын жанындагы электр чубалгысы жаңыртылды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылында жайгашкан бала бакчанын жанындагы үзүлүп калуу коркунучунда турган электр чубалгысы алмаштырылды. Бул тууралуу райондук электр тармактар ишканасынын жетекчиси Таалайбек Турганбеков билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдагы «Жамал апа» бала бакчасынын маңдайындагы кооптуу электр чубалгысы бүгүн, 18-апрелде жаңыртылган.

Буга чейин айыл тургундары 5 электр чубалгысынын бири үзүлүп калуу коркунучунда тургандыгын билдиришкен эле.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×