Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусу, Нарын 18.04.2019 09:17

Нарындык бийчилер Түркияга эл аралык фестивалга катышууга жөнөп кетишти

Turmush -  Нарын шаарынын бийчилери Түркиядагы эл аралык фестивалга катышууга жөнөп кетишти. Бул тууралуу топтун жетекчиси Нуржан Ибраева билдирди.

Анын айтымында, алардын бир тобу Түркиянын Бургас шаарында 19-апрелден 26-апрелге чейин өтүүчү балдарга арналган фестивалга катышат. Экинчи тобу Стамбул шаарында 26-апрелден 5-майга чейин өтүүчү ТҮРКСОЙ эл аралык уюму уюштурган фестивалга катышат. Бийчилер фестивалдын алкагында көрүүчүлөргө «Кыргыз» жана «Саринжи-Бөкөй» аталыштагы бийин көрсөтүшөт.

Аларга облустун бийлиги тарабынан 25 миң сом өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүлдү. Ал эми бийчилердин формасын толугу менен Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектеби камсыз кылды.

Түркияга жалпы 24 бийчи кыз кеткен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×