Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусу, Нарын 18.04.2019 08:46 На русском

Нарын облусундагы жаштардын курултайы өттү. Сүрөт

Turmush -  Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрында облустагы жаштардын курултайы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага жаштар уюмдарынын 500гө жакын өкүлдөрү менен бирге айыл өкмөт башчылары, район акимдери катышты. Иш-чаранын башында Кыргыз өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов куттуктоо сөз сүйлөп, жаштардын ишине ийгилик каалады. Андан соң аткарылып жаткан иштер боюнча маалыматтар берилди.

Курултайда жаштар ассоциациясынын уставы кабыл алынып, төрагасы дайындалды. Төрагалыкка үч талапкер ат салышып, 9 добуш менен «Алга Нарын» коомдук бирикмесинин төрагасы Болот Эстебесов шайланды.

Курултайда алдыңкы ишкерлер жана Кыргызстандын желегин чет жерде желбиреткен спортчуларга облус башчысынын ардак грамоталары тапшырылды.

Учурда облуста 16 жаштар уюму бар. «Демилгелүү жаштар» долбоорунун алкагында облус аймагынан жүздөн ашуун жаштар окутулган. Облуста калктын санынын 24 пайызын жаштар түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×