Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуКочкор району 29.04.2019 23:06 Жаңыланды: 04.05.2019 18:00 На русском

Жаш талант: Э.Нурбекова туздуу камырдан түрдүү буюмдарды жасайт (видео, сүрөт)

Эмилия Нурбекова
Эмилия Нурбекова
// Turmush

Turmush -  Кочкор районундагы окуучу Эмилия Нурбекова туздуу камырдан ар кандай буюмдарды чагылдырып жасайт. Жаш талант менен аймактык кабарчы таанышты.

Келечекте дарыгер болууну самаган Эмилия Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназияда 11-класста окуйт.

«Бул менин хоббим десем болот. Мындан 2 жыл мурун интернеттен бир каармандын туздуу камырдан гүл жана башка буюмдарды жасап жатканын көрүп кызыгып калдым. Ошентип өзүм дагы үйрөнүп алдым. Бош учурда ар кандай картиналарды жасап, айрымдарын белекке бергем. Камыр туздуу болсо, жасалган буюм катып, сынбайт. 2 стакан унга 1 стакан туз кошуп, катуу жууруйбуз. Жасалуучу буюмду формага келтирип алып, аны 30 мүнөт 180 градуста бышырабыз. Бышып даяр болгондон кийин боёп коёбуз», - деди Эмилия Нурбекова.

Эмилия мындан сырткары кагаздан гүлдөрдү жасап, күрүч, гречкадан да сүрөт тартат.

«Мен жасаган иштин баары кол өнөрчүлүккө кирет. Өзүмчө отуруп алып, ушундай буюмдарды жасоодон ырахат алам. Хобби менен алектенүү адамга энергия тартуулайт. Келечекте дарыгер болууну каалайм. Кошумча тил үйрөнүү үчүн курстарга да жазылып алгам», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×