Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуАк-Талаа району 17.04.2019 18:26

Ак-Талаанын Үгүт айылында экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иши жүрдү

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Үгүт айылынын жашоочуларына диний экстремизм жана терроризм туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүн райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 17-апрелде Ички иштер министрлигинин эктремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы бөлүмүнүн өкүлдөрү Ак-Талаага келип, жергиликтүү тургундарга экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, диний секталарга азгырылбоо туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Иш-чарага РИИБдин кызматкерлери, райадминистрация жана айыл өкмөттүн өкүлдөрү катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×