Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуАк-Талаа району 17.04.2019 18:19

Кара-Бүргөндүн айрым тургундары бала бакчанын жанындагы электр чубалгыдан кооптонушууда (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кара-Бүргөн айылындагы бала бакчанын жанындагы электр чубалгынын бири үзүлүп калуу коркунучунда тургандыгын жергиликтүү тургундар билдиришти.

Алардын айтымында, аталган айылдын «Жамал апа» бала бакчасынын так маңдайында жайгашкан 2 электр мамысынын ортосундагы 5 электр чубалгынын бирөөсү үзүлүп калуу коркунучунда турат.

«5 электр чубалгынын бирөөсү үзүлүп калуучу абалда турат. Муну айылдын контролеруна бир нече жолу айттык. Бирок жыйынтык боло элек. Кудай сактасын. Катуу шамалдан бир нерсе болуп үзүлүп кетсе адамдарга, ошол жердеги бала бакчада ойноп жүргөн балдарга зыянын тийгизбейт деп ким айта алат», - дейт жергиликтүү тургундар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×