Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуАк-Талаа району 17.04.2019 13:50 На русском

Чолок-кайыңдык 7 спортчу грепплинг боюнча  республикалык турнирде алдыңкы орундарды багындырды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Чолок-Кайың айылынын 7 спортчусу спорттун грепплинг түрү боюнча республикалык мелдеште алдыңкы орундарды багындырышты. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Гүлмайрам Үчүгөнова билдирди.

Маалым болгондой, 14-апрель күнү Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөн грепплинг мелдешине машыктыруучу Камчыбек Төлөпалды уулу аталган айылдан жалпы 13 спортчуну алып барып, жыйынтыгында 7 балбан жеңишке жетишкен.

Алар:

- Төлөпалды уулу Бекзат 2-орун (37 кг);

- Уланбек Түкөноев 3-орун (45 кг);

- Кубанычбек уулу Мырза 3-орун (57 кг);

- Дастан Рыскелдиев 2-орун (50 кг);

- Садырбек уулу Сыймык 2-орун (55 кг);

- Аманбек уулу Расул 2-орун (45 кг);

- Сыймык Сарыбаев 2-орун (65 кг).

«Кыргыз Республикасынын грепплинг боюнча спорт чебери Камчыбек Төлөпалды уулу былтыр 2018-жылдын күз айынан айылга келип, кароосуз калган спорт залды оңдоп, ушу тапта 60тан ашык баланы машыктырып жатат.

Буга чейин спорт залды оңдоого жергиликтүү жаштарды чакырып, ыктыярдуу каражат чогултушкан. Натыйжада ичине суу киргизилип, жуунучу жай жасалып, аристон коюлган. Машыгууга зарыл спорт эмеректер да алынып келген. Айыл өкмөтү тарабынан спорт залдын үстүн жабууга курулуш материалдары, спорт буюмдары белекке берилип, ичине жылытуучу жабдыктар коюлган», - деди Г.Үчүгөнова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×