Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 27-май
Нарын облусуКочкор району 17.04.2019 12:03 На русском

Ээсин «миллионерге» айландырган ак койлор: Элеттик фермер байлыкты көбөйтүүнүн сыры менен бөлүштү

Turmush -  Кочкор районунун Арсы айылынын тургуну Жолдошбек Алжанбаев СССР тарагандан тартып уяң жүндүү койлорду багып келет. Айылдагы фермер менен аймактык кабарчы таанышты.

Жолдошбек Алжанбаевдин ата-энеси союз убагында чабан болуп, меринос тукумундагы ак уяң жүндүү кой багышкан. Союз тараганда, 1992-жылы 300 баш ак кой менен Кочкор совхозунан бөлүнүп, өзүнчө фермердик чарба уюштурушкан.

«Ата-энем койчу болуп көп жылдар бою иштешти. Биз бала кезде ата-энебизге жардам берип, ушул тоолордун арасында балалыгыбыз өттү. Союз ыдырап баштаганда атам, бир туугандарыбыз болуп өзүнчө чарба түзүп, кой багып кеттик. Ушул күнгө чейин койдун башын жоготпой, багып келе жатабыз. Учурда ак койдун башы 650гө жетти. Малды улам жашартып туруу керек. Антпесе малдын асылдуулугу жоголот жана төл бербей калат. Жашы өтүп бара жаткан койду сатып, анын ордун жаш козуларга толтуруу кажет. Мындан тышкары дагы канын тазалап, козулары чоң болушу үчүн кочкорлорду башка облустардан сатып келип турам», - деди Жолдошбек Алжанбаев.

Ал төл алуу убагында жардамчыларга муктаж. Бул учурда үй-бүлөсүнүн (баласы, жубайы), жардамчылардын күчү керек болот.

«Төл алуу убагында чарбага адам күчү жетишпей калат. Үй-бүлөмдөн сырткары дагы 6 адамды жумушка алып, жумуш менен камсыз кылам. Жаңы туулган козуларды жаш бала карагандай кароо керек. Ак койдун козулары мажүрөө келет эмеспи. Убагында керектүү витаминдерди сайып, оорунун алдын алып, дары берип туруу керек. Илгертеден эле козулардын кара жамаа аттуу оорусу бар. Бул ооруну убагында дарылап албаса, козулар өлүп калат. Козунун оозуна марганцовка менен кара тузду аралаштырып салып тууру зарыл. Мындан сырткары тойбой калган козуларга кошумча тамак берип турабыз. Уйдун тартылган көк сүтүнө ун аралаштырып, аны упчу менен берсе, козу тез ирденип эт алат.

Учурда мамлекеттен жардам жана колдоо жок. Койдун жүнүн өзүбүз кардар таап сатабыз. Чет мамлекеттеги уяң жүндүү кочкорлорго муктажбыз. Аларды алып келүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок. Мамлекет кочкор сатып берсин деген оюм жок. Бирок чет өлкөлөр менен келишим түзүп, кочкорлорду Кыргызстанга алып келсе, фермердик чарбалар өзүбүз эле сатып алат элек», - деп кошумчалады ал.

2014-жылы Алжанбаевдин үй-бүлөсү чоң атасы Доскулунун атын чарбасына ыйгарып, «Доскулу» фермердик чарбасы катары каттоодон өткөн.

Маалымдама:

Меринос кою – текши, ичке, уяң жүндүү кой породасы. Мекени – алдыңкы Азия. Кийин Жер ортолук деңиз жээгиндеги өлкөлөргө (Греция, Италия, Испания) чыгарылып, 18-кылымда Батыш Европа, Түндүк Америка жана Австралияга тараган. Россияга 19-кылымдын аягы 20-кылымдын башында башка өлкөлөрдөн алынып келген.

Меринос коюнун жүнүнүн узундугу 6-8 см. Кочкорунан 8-12 кг, ургаачысынан 4-6 кг жүн кыркылат. Меринос кою чала уяң кылчык жүндүү койлордун жүнүн жакшыртуу максатында аргындаштырылат. Ал Түндүк Кавказ, Волга бою, Урал, Батыш жана Чыгыш Сибирь, Казакстан, Кыргызстан, Украинанын түштүк аймактарында багылат. Кочкорунун (тирүүлөй) салмагы 100–130 кг, ургаачысынын салмагы 60-70 кг болот. Ар жүз тубар койдон 120-130 козу алынат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×