Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуЖумгал району 17.04.2019 10:01

Жумгалдын Түгөл-Сай айылындагы 2 гектар жер сейил бакка айланды (видео, сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Түгөл-Сай айылындагы 2 гектарга ӨКМдин долбоору аркылуу бактын 2 миң түп көчөтү отургузулуп, ал жер сейил бакка айланды.

Айыл өкмөтү Рысбек Кудайбергенов билдиргендей, бакты отургузууга айыл эли тартылды. Алардын эмгек акысы үчүн БУУнун Азык-түлүк программасы менен ун, тамак-аш майы берилүүдө.

Ал эми аталган сейил бакты курчоо үчүн тиешелүү материалдарды демөөрчүлөр алып беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×