Бөлүмдөр
Ишемби, 25-май
Нарын облусуЖумгал району 17.04.2019 09:20

Жумгалда жазгы айдоого даярдыктар көрүлүп, айылдарда штабдар өттү (сүрөт)

Turmush -  2019-жылдын 1-апрелинен баштап Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жазгы айдап-себүүгө даярдыктарды көрүү боюнча ар бир айылда штабдар өткөрүлдү.

Маалым болгондой, райондук бийлик тараптан түзүлгөн топ жазгы айдап-себүүгө даярдык көрүү, малдарды идентификациялоо, малдын асылдуулугун жогорулатуу, кылмыштуулукту алдын алуу, мектептерде жана бала бакчалардагы балдардын билим сапатын көтөрүү менен энелер мектебин жайылтуу, айыл аймактарда салыкты чогултуу, оорулардын алдын алуу иштерин жүргүзүү боюнча айылдарды кыдырышты.

Райондун Жумгал, Жаңы-Арык, Куйручук, Чоң-Дөбө, Түгөл-Сай айыл өкмөттөрүндө тийиштүү мекеме жетекчилери менен биргеликте штабдар өткөрүлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×